2016-жылы Индияда өтө турган футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун бардык 16 катышуучусу белгилүү болду. Анын 11и тандап алуу турунда тайпаларында 1-орунду ээлегендер. Ошондой эле бардык тайпаларда 2-орунду ээлеп калган командалардын көрсөткүчтөрү, гол катыштыктары эске алынып, мыкты делген 4 командага да жолдомо берилди. Үй ээси Индия, жобого ылайык, тандоо туруна катышпай туруп мелдешке жолдомо алды.
Кошумчалай кетсек, “В” тайпасында өткөн тандоо турунда кыргыз футболчулары Оман, Непал жана Иордания менен ойногон. Жыйынтыгында тайпада Оман менен Непал алтыдан упайга ээ болгон. Бирок киргизген голдордун саны көп болгонуна байланыштуу Оман 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондугуна түз жолдомо алган. Ал эми Непал 2-орунду ээлегендердин ичинен мыктылардын катарында болуп, Индияга акыркы жолдомону илип кетти.Катышуучулардын тизмеси:
1. Индия (үй ээси)
2. Өзбекстан (“A” тайпасынын жеңүүчүсү)
3. Оман (“B” тайпасынын жеңүүчүсү)
4. Ирак (“C” тайпасынын жеңүүчүсү)
5. Сауд Арабия (“D” тайпасынын жеңүүчүсү)
6. Иран (“E” тайпасынын жеңүүчүсү)
7. Кувейт (“F” тайпасынын жеңүүчүсү)
8. Малайзия (“G” тайпасынын жеңүүчүсү)
9. Түндүк Корея (“H” тайпасынын жеңүүчүсү)
10. Түштүк Корея (“I” тайпасынын жеңүүчүсү)
11. Австралия (“J” тайпасынын жеңүүчүсү)
12. Япония (“K” тайпасынын жеңүүчүсү)
13. Вьетнам (мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген)
14. Таиланд (мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген)
15. Бириккен Араб Эмираттары (мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген)
ОРУН | КОМАНДА | ОЮН | УПАЙ |
1 | Оман | 3 | 6 |
2 | Непал | 3 | 6 |
3 | Кыргыз Республикасы | 3 | 3 |
4 | Иордания | 3 | 3 |