Ош шаарында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу кече С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага мэр Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү жайларынын өкүлдөрү, шаардык уюмдар, мекемелер жана окуучулар катышты. Аземдин алкагында концерттик программа көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргыз тилинин өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн шаардын билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери атайын сыйлыктарга ээ болушту. Жалпысынан 15 адамга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.