Дүйнө жүзү боюнча кыргыз балы мыкты деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрдагы маалымат жыйынында “Кыргыз балчылар биримдиги” коомдук уюмунун президенти Казим Каракетов билдирди.
Кыргыз балчылары 14-сентябрдан 19-сентябрга чейин 146 мамлекеттин катышуусу менен Түштүк Кореянын Тэджон шаарында өткөн 44-Апимондия Эл аралык конгрессине катышып келишти.
"Конгресске биринчи жолу 2013-жылы катышып, 5 медаль алганбыз. Мындан улам экспорт да көбөйгөн. Экинчи катышуубуз аябай маанилүү эле. 13-21-сентябрь күндөрү ошол жакта болдук. 4 коло, 2 күмүш, 1 алтын медаль, баш байге жана диплом алып келдик",- деди ал.