Япониядагы "премиум" классындагы балдын 90 пайызы кыргыз балы

Бүгүн, 23-сентябрдагы маалымат жыйынында “Кыргыз балчылар биримдиги” коомдук уюмунун президенти Казим Каракетов: "Дүйнө жүзүндө мыкты деп табылгандан кийин кыргыз балын чет өлкөлөргө экспорттоо көбөйдү. 18 мамлекетке экспортко чыктык. Японияга барып өзүм окуудан өтүп келдим. Кийин жарманкеге катыштык. Японияга балды экспорттоп жатабыз. Учурда аталган өлкөдөгү "премиум" классындагы балдын 90 пайызында кыргыз балы турат",- деп билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча Ысык-Көл, Нарын облустарында быйыл бал көп болду. "Ош облусунда бал аарысын баккандар бар. Өлкөдөгү бал өндүрүүчүлөргө берүү үчүн Тэджондон жаңы технологиялар тууралуу китепчелерди алып келдик. Балды чет өлкөгө алып чыгуу менен биз кыргыз жеринин суусу, гүлдөрү да мыкты экенин көрсөтөбүз. Мисалы, бир эле гүлдүн түрү эки-үч мамлекетте болушу мүмкүн. Бирок жер кыртышынан, сууларынан, аба ырайынан улам гүлдөр да, бал да ар башкача болот. Балдын өңү аарылардын түрүнөн да көз каранды. Кыргыз жеринин бардык аймактарындагы бал уникалдуу",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muha86
2015-09-23 17:54:06
Мен озум утуп келгендей болдумго чиркин!!)))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан