Бишкектин айрым көчөлөрү эртең саат 05:00дөн Айт намазы окулуп бүткүчө жабылат (тизме)

Бишкекте 24-сентябрда саат таңкы бештен Айт намазы окулуп бүткүчө айрым көчөлөр жабылат. Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматы жарандарды жана айдоочуларды мындай чектөөгө даяр болууга чакырууда. Автоунаа ээлерин жол кыймылын көзөмөлдөөчүнүн талаптарына толук баш ийүүгө жана автоунаанын ылдамдыгын чектен ашырбоого үндөдү. Майрамдык иш-чарага байланыштуу жабылуучу көчөлөр:
Чүй кең көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Тыныстанов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан