Эртең Курман айт майрамына карата айрым каттамдагы маршруттук таксилер элди акысыз ташыйт

Эртең, 24-сентябрда "Курман айт күнү акысыз жол жүрүү" акциясы өтүп, Бишкектеги №212 жана №258- маршруттук таксилер элди Курман айт майрамына карата акысыз ташыйт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Улан Давлеткулов SUPER.KG'ге 23-сентябрда билдирди. Давлеткулов ошондой эле момпосуйлар таратыла турганын айтты. 
ул акцияга азырынча 30га чукул маршруттук такси катышууда. Буга дагы башка каттамдагы маршруттук таксилерди, автобустарды жана троллейбустарды кошууга аракет кылабыз. Бирок биз транспорт ээлерине бир күндүк акысын төлөп беребиз, болгону алар таңкы 6:00дөн кечки 18:00гө чейин элди акысыз ташып беришет. Анан да транспортко чыккандан кийин ар бир жүргүнчүгө майрамдык белек катары момпосуй таратылат",- деди Давлеткулов. 
Мындай акцияны Орозо айт майрамында да уюштурганын кошумчалады. "Орозо айт майрамында да 10дон ашуун маршруттук такси, 2 автобус жана 1 троллейбус менен элди акысыз ташыганбыз. Мына эми дагы уюштуруп жатабыз. Бул аракетибиз саясий максатта эмес, жөн гана майрам күнү элди кубандырып коюу максатында уюштурулууда",- деди Давлеткулов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dasta
2015-09-23 13:02:30
жакшыго алла разы болсун
0
spacegirl
2015-09-23 13:13:27
алла ыразы болсун жакшы жанылык экен
0
Gulzada2304
2015-09-23 13:32:19
Бул акция Жалал -Абад шаарындада болот бекен ыя?
0
snejinka
2015-09-23 14:39:49
Ураа, менин маршруткам бар экен)))
0
tebessum
2015-09-23 17:13:55
Allah razy bolsun! Chon sooptuu ish! Ushunday azamattar koboyo bersin!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан