Мектепти бүтүргөн окуучулардын 20 пайызы ички өнөкөт ооруларына дуушар болгон

"Мектепти бүтүргөн окуучулардын 20 пайызы ички өнөкөт ооруларына дуушар болгон". Мындай пикирин бүгүн, 23-сентябрда Республикалык илимий медициналык китепканадагы жыйында премьер-министр Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, бул мектептерде шарттын жоктугуна жана колду жуубай тамак жегенге байланыштуу. 
"Көбүнчө айылдык мектептерде дааратканалар сыртта болгондуктан, окуучулар ал жерден чыккандан кийин колун шымына аарчып, анан барып ошол колу менен нан жешет. Мына ошол учурда сарык жана башка көптөгөн оорулар пайда болот. Ошондуктан мындан кийин кыргыз жергесинде бир дагы объект дааратканасы, ысык жана муздак суусу жок курулбайт. Мындан тышкары ашканасы ичинде болот. Эч ким тыштан тамак жасап сатпайт.   
Дагы бир маселе, жашы 30-40ка чыкканга чейин бир дагы оорубаган адам жок экен. Чыгынбай жүрө берип, дарыгерлерге ден соолугун текшертише келгенде өтүндө же боорунда таш болот, же дагы бир чоң өнөкөт оору менен жабыркаган болот. Ошон үчүн ар бир жаран ден соолугуна кам көрүп, алдын ала келип текшерилсе, баары башкача болот",- деди Сариев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dasta
2015-09-23 15:42:56
кыргыздар качан жатып калмайынча барбайтта болнисага. анан тууралбай калганда скори келип алып кетет
+3
Ayida
2015-09-23 17:25:37
Кара Кулжа районун 1-Май айылына бардык жакында.Ал жердеги мектептин Субан уулу Алмас атындагы жагдайы мн таанышсак.Ажатканасы ылайым тообо жаш балдар кантип кирип чыгышат билбейсин же суусу жок.Директору бой которгон адам экен карап койбоптур конул буруп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан