Эртең 12 бодо мал союлуп, Ош облусундагы социалдык жактан муктаж адамдарга таратылып берилет

Бүгүн, 23-сентябрда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Түркиянын Стамбул шаарынан келген Режап Бодруг баштаган “Жардам Эли” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти. Коноктор Курман айттын алдында Ош облусунун казыятынын жамааты жана казыяттын жаңы кеңсе имаратынын курулушу менен таанышуу максатында келишкен. 

Фонд өкүлдөрү Курман айт күнү 12 бодо мал союп, Ош облусунун аймагында элдин социалдык жактан муктаж катмарына таратуу иш-чарасын уюштурууну пландаштыргандыгын билдиришти.

Андан соң облус казысы Самидин кары Атабаев конокторду казыяттын ишмердүүлүгү жана казыяттын жаңы курулуп жаткан кеңсе имаратынын курулушу менен жеринен тааныштырды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aziz2012
2015-09-23 15:01:54
АЛЛАХ ыразы болсун сиздерге
0
Alixan-Nookat.2015
2015-09-23 19:00:48
Аллах ыраазы болсун баарына!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан