“Өлкөдө боордун циррозу оорусу көбөйүүдө, тилекке каршы, аны айыктырууда биз алсызбыз”,- деп билдирди 23-сентябрда Улуттук хирургия борборунун директору Канат Мамакеев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз дарыгерлери бул ооруда болгону кан кеткенде токтото алышат.
“Биздин өлкөдө бөйрөк жана боорду трансплантация кылууга муктаж адамдар өтө көп. Мындан улам жергиликтүү дарыгерлер бул маселени чечүү астында иштөөдө. Быйылкы жылы планда бөйрөктү трансплантация кылуу турат. Негизи, бизде мындай операцияны чет өлкөлүк дарыгерлер келип жасап кетишет. Ал эми аны башка жактан жасатуу бир топ кымбат”,- деди Мамакеев.