Улуттук хирургия борборунда жылына 10 миң адам дарылануудан өтүп, алардын 4 миңине операция жасалат

Улуттук хирургия борборунда жылына 10 миң адам дарылануудан өтүп, алардын 4 миңине операция жасалат. Муну бүгүн, 23-сентябрда журналисттерге аталган мекеменин директору Канат Мамакеев билдирди. Мамакеев борбордун бир кыйла аппараттары жаңыртылганын кошумчалады. 

“Эң эски жабдык өткөн кылымдын 60-80-жылдарына таандык. Көпчүлүгүн быйыл алмаштырдык. Лабораториябызды толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жабдыктарын жаңыладык. Ошол эле учурда заманбап оорукана болуш үчүн бизге компьютердик томограф керектелет”,- деди Мамакеев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан