Ошто “медициналык техника” адистигин ачуу пландаштырылууда
Ош мамлекеттик университетине Берлин техникалык университетинин профессору
Маркус Бухгайстер жана Ингеборг баш болгон делегация иш сапары менен келип, окуу жайдын ректору Каныбек Исаков менен жолугушту. Окуу жайдан
кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө К.Исаков университеттин медицина
факультети, медициналык клиникалары боюнча маалымат берди. Ошондой эле медицина
факультетинде “медициналык техника” адистигин ачуу жөнүндө
сүйлөшүүлөр жүрдү.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Окуу жайдын маалымат кызматы