Ошто Мамлекеттик тил күнүнүн 26 жылдыгына жана акын Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгына карата поэзия кечеси өттү

21-сентябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышынын 26 жылдыгына карата жана улуу акын Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгына карата поэзия кечеси өттү. Кече “Кыргыз тили – биздин ыйык кенчибиз, тагдыр таамай бөлүп берген энчибиз” деген аталышты алып, анда акын Сооронбай Жусуевдин тилге арналган ырлары, котормолору студенттер тарабынан окулду. Ошондой эле Курманжан датканын монологу айтылды. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Кошумчалай кетсек, акын Сооронбай Жусуев быйыл 90 жашка чыкты. Ал 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүнүн Кызыл-Жар кыштагында туулган. Алгачкы “Эмгек күүсү” аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы жана жакынкы чет тилдерине которулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан