Улуттук госпиталдын 12 бөлүмүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 70 миллион сом бөлүндү

Улуттук госпиталдын 12 бөлүмүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 70 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда журналисттерге аталган мекеменин директору Динара Сагынбаева билдирди. Анын айтымында, бул бөлүмдөр өткөн кылымдын 30-40-жылдарында салынган

"Капиталдык оңдоодон Ахунбаев клиникасындагы 3 бөлүм жана Москва көчөсүндөгү 1 корпус толугу менен оңдолот. Бул иш-чараларга өкмөт тарабынан 70 миллион сом бөлүндү. Каражаттар колубузга убагында тийсе, декабрь айынын ичинде оңдоо иштерин толук аяктайбыз. Муну менен катар бизде медициналык жабдыктар жетишпейт, аларга деп дагы 25 миллион сомду жыл аягына чейин алабыз деп турабыз. Бул каражаттар жетиштүү эмес, бирок бул жылга болот.

Негизи, Улуттук госпиталда 34 бөлүм бар. Аларда 400 дарыгер иштейт. Белгилей кетсем, республикада кан тамыр хирургиясы, нейрохирургия жана таракалдык хирургия боюнча адис дарыгерлер бизде гана бар.

Ал эми бир жылда Улуттук госпиталдан 37 миң бейтап дарыланып чыгат, алардын 16 миңине операция жасалат. Мындан тышкары клиникабызга кайрылып амбулатордук жардам алгандардын саны 70 миңге барабар”,- деди Сагынбаева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан