Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 8-октябрда кезектеги беттештер орун алат. "В" тайпасында кыргыз футболчулары Бишкекте Тажикстан курамасын кабыл алат. Азиянын футбол конфедерациясы кабарлагандай, беттеш 8-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталыш сааты 18:00гө белгиленди.
Ошол эле күнү бул тайпада упай катыштыгында алдыда келаткан 2 команда өз ара беттешишет. Амман шаарында Иордания курамасы Австралияны кабыл алат. Бул оюн Бишкек сааты боюнча 20:00гө бекитилген.
Кошумчалай кетсек, бул тайпада 4 тур ойнолуп бүттү. Өткөрүлгөн оюндардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасы эсебиндеги 4 упай менен мелдеш жадыбалында 3-орунду ээлеп келүүдө.
"В" тайпасы. Мелдеш жадыбалы:
*
Айта кетсек, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Тажикстан жана Бангладешке каршы беттештерге карата кеңейтилген курамга 32 футболчуну чакырган. 23 футболчудан турган негизги курам машыгуу сборунун жыйынтыгында бекитилет. Курамга чакырылган футболчулар тууралуу бул жерден окуңуз...