Автожарыштын "Формула-1" түрү боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахердин абалы дагы да болсо жакшы эмес. Ал өз алдынча баса албай жатат жана тили күрмөөгө келип сүйлөй элек. Ошондой эле ал арыктап, учурдагы салмагы 45 килограмм болуп калганын чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бою 174 сантиметр келген спортчу учурда Швейцарияда 15 адистин көзөмөлүндө. Буга чейин спортчунун абалы жакшырып келатканы кабарланган.
Кошумчалай кетсек, Шумахер 2013-жылы декабрь айында Франциянын Мерибель шаарындагы тоо-лыжа базаларынын биринде лыжадан кулап, башы менен ташка урунган. Оор абалда ооруканага жеткирилген спортчунун баш сөөгү кесилип, операция жасалган.