Бүгүн, 24-сентябрда өлкөдө Курман айт майрамы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Курман айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулду. Ага Жогорку Кеңештин спикери
Асылбек Жээнбеков, калаа башчысы
Кубанычбек Кулматов, өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана болжол менен 50 миңдей эл катышты.
Алгач чогулган элге дин тууралуу маселелер, баяндар айтылды. Андан кийин муфтий Максатбек ажы Токтомушев мамлекетибиздин элин Курман айт майрамы менен куттуктап, ислам дининин артыкчылыктарына токтолду. Муфтий чогулган элге кайрылып, өлкөбүздүн эли ислам динин эркин тутунуп келгени чоң өзгөчөлүк экенин дагы бир ирет баса белгиледи. Ошондой эле кыргыз салты менен ислам дининин жолу ыкташып турарын айтты.
"Эзелтен эле бул майрам - тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сымал адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын чоң майрамы. Курман айт майрамын белгилөө биздин өлкөдө эгемендүүлүккө жеткен күндөн тартып чыныгы орду менен белгилене баштады десем болот. Анткени бул майрам коомдогу маданий жана руханий баалуулуктардын өнүгүүсүнө, ошондой эле тынчтык менен ынтыкмактын бекемделишине өз салымын кошуп келет",- деди Токтомушев.
Андан кийин Асылбек Жээнбековго сөз берилип, ал өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана жеке өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын элин бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Намазга жыгылуу саат 8:15те башталды. Алгач муфтияттын кызматкерлери тарабынан намаз окуунун шарттары түшүндүрүлүп, эл сапка тизилип, андан кийин намаз окушту.