Американын футболдук лигасында эң ири маяна Кака, Жеррард жана Лэмпардга төлөнүүдө

Американын футболдук лигасына (МЛС) акыркы мезгилде ири суммадагы каражат бөлүнүп, мелдештин деңгээлин көтөрүү аракеттери жүрүп жатат. Ошол себептүү бул лигага Европадан жана Латын Америкадан бир катар футболчулар барып кошулууда. Бул үчүн европалык жана бразилиялык футболчуларга миллиондогон долларлар сунушталууда.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, жакында аталган лигада эң көп маяна алган футболчулардын тизмеси түзүлдү. Бул лигада эң чоң айлык “Орландо” клубунун бразилиялык жарым коргоочусу Какага таандык. Кака жылына 6,6 миллион доллар алат. Ал эми тизмеде 2-орунда турган англиялык футболчу Стивен Жеррардга “Лос-Анжелес Гэлакси” клубу жылына 6,2 миллион доллар төлөйт. Дагы бир англиялык футболчу Фрэнк Лэмпард чоң суммадагы айлык алгандардын ичинен 3-орунда турат. Анын жылдык маянасы 6 миллион доллар. Лэмпард “Нью-Йорк Сити” клубунда ойнойт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан