Өлкөдө кыйноого жана жазасыздыкка каршы долбоордун жыйынтыктары чыгарылды

Өлкөдө кыйноого жана жазасыздыкка каршы долбоордун жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйында Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлү Яап Ора билдирди. Анын айтымында, өткөрүлгөн жумуштун жыйынтыгы жаман эмес.
"Долбоор былтыр февраль айында башталып, 2015-жылдын сентябрында аяктады. Бул аралыкта бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, мисал катары Кыйноого жана жазасыздыкка каршы Улуттук борбор түзүлгөнүн айтсак болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 350 миң евродон ашык каражат жумшалган. Долбоордун алкагында 20 айдын ичинде 17 тренинг, конференция, мониторинг жана түрмөдөгү абалды көрүү болду.
Айта кетсем, долбоордун башкы максаты кыйноого жана жазасыздыкка каршы иш алып барган кыргыз жергесиндеги бейөкмөт уюмдарга техникалык жардам көрсөтүү болуп саналат",- деди Ора.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан