Ош шаарында бүгүн Айт намазга 15 миңдей киши катышты. Мэриянын билдиришинче, Айт намазга шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев, Ош облусунун жетекчисинин орун басары Байыш Юсупов, вице-мэрлер, шаардык мекемелердин башчылары катышты. Мэр шаардыктарды майрамы менен куттуктап, тынчтык, жыргалчылык, ден соолук жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Эскерте кетсек, бүгүн өлкөдө Курман айт майрамы белгиленүүдө.