Жалал-Абад. Курман айт майрамына карата мал союлуп, кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө таратылды

Бүгүн, 24-сентябрда Жалал-Абад облусунда Курман айт майрамына карата мал союлуп, кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага Жалал-Абад ОИИБинин өздүк курамы, жергиликтүү күч түзүмдөр, дин өкүлдөрү жана Түркиядан келген коноктор катышты. Иш-чарада сөз алган Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңиш Жоробеков жалпы кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктап, жергебизде тынчтык, ынтымак болсун, кылмыш кырсык болбосун деген тилегин айтты .

Бүгүнкү Айт майрамында куран окулуп, жалпы 5 бодо мал курмандыкка чалынды. Алардын эттери колунда жок бей-бечараларга, жетим-жесирлерге, кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө таркатылды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан