Сауд Арабиясынын Мина өрөөнүндө кырсыкка кабылгандардын арасында кыргыз өлкөсүнөн барган зыяратчылар жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
"Учурда Сауд Арабиясындагы штаб мүчөлөрү жана ажы башчылары өз тобундагы ажыларды тактап чыгышты. Алардын берген маалыматында кырсык 1-сызыкта болгон. Ал эми кыргыз өлкөсүнүн жарандары бул учурда 2-сызыкта ажылык милдеттерин аткарып жүрүшкөн",- дешти муфтияттан.
Айта кетсек, Сауд Арабиянын Мина өрөөнүндө зыярат учурунда тебелендиде калып каза болгондордун саны 717ге жеткени, ал эми кырсыктан улам 800дөй адам жаракат алганы маалым болду.
Сауд Арабиясына ажылык милдетин аткарууга Кыргыз Республикасынан 4 миңден ашуун жаран барган. Ал эми зыяратчылардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге жеткени айтылууда.