Бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда бишкектик "Дордой" өз үйүндө канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алат. Учурда "Дордой" клубу чемпиондук күрөштө болсо, "Абдыш-Ата" 3-орун үчүн олуттуу аракет кылып жатат. Талашка түшкөн 3 упайдын ээси мелдеш жадыбалындагы абалын бир топ жакшыртып алат. Ал эми тең чыгуу катталганы эки командага тең пайда алып келбейт.
"Дордой" (Бишкек) - "Абдыш-Ата" (Кант)
Башталышы: 16:00
Стадион: "Дордой" спорткомплекси
Мелдеш жадыбалы:
