Кыргыз мушкерине утулуп калган америкалык мушкер Жефф Монсон Орусиянын жарандыгын алууну көздөөдө

Кыргыз мушкерине утулуп калган америкалык мушкер Жефф Монсон Орусиянын жарандыгын алууну көздөөдө. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, буга чейин мушкердин жакындары Орусиянын президенти Владимир Путинге жарандык боюнча кат жазышкан. Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков катты алганын жана жакын арада караларын билдирген. Андан кийин гана өлкө президенти чечим кабыл алат. 

Монсондун айтымында, анын Орусиянын жарандыгын алуу боюнча чечими саясатка байланыштуу эмес. Ал бул өлкөнүн жагарын, акыркы жалдары Орусиянын маданияты тууралуу маалымат алганын кошумчалайт. 

Кошумчалай кетсек, 19-сентябрда Бишкекте эрежесиз эр уруштун ММА JFC версиясы боюнча чемпиондук наам үчүн беттеш болгон. Анда америкалык 44 жаштагы мушкер Жефф Монсон кыргыз спортчусу Замирбек Сыргабаевге упай эсебинде утулуп калган. Беттеш алдында Монсон октагонго (беттеш өткөн 8 бурчтук) Орусиянын желеги астында чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Мэри
2015-09-25 10:45:38
Мен буга "Азыркынын дөөсү" деп ат койдум ))))
Мындайларды кыргыз бука моюн, буура сан дейт да )))) Бирок тизелеп отуруп калганы жаман экен, байкуштай болуп, ишенген "дөөнүн" ))))
0
kalbek87
2015-09-25 10:47:28
Азамат! Сыргабаев Монсонду момойтуп койупсун
0
topchievMaKsAtBeK
2015-09-25 10:51:01
44 жаш да аз жаш емес
0
Mars55
2015-09-25 12:06:36
мен мурда коргон эмес элем негр болсо керек деп жургом ананда каарыптыр байкуш акча учун чыкса керек
+3
myshka406
2015-09-25 12:16:43
Кыргызстандын жарандыгын албайт бекен,Баткен обл Кызыл-кыя шаары деп?
+1
ulash.kg
2015-09-25 14:26:31
Монсон карыды убагында бул мушкер да кобун багындырган,ал эми биздин мырза Замирге ийгилик каалайбыз,мындан ары да коп ийгиликтерге жетуушунузду чын журоктон тилектешмин
+1
al-abu-kinesz
2015-09-25 23:46:27
Джефф Монсон женилсе да дуйнолук рейтингде абийири ошол боюнча калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан