Ош шаарындагы 54 мектептин 60 пайызы интернет менен камсыз болду

Ош шаарындагы 54 мектептин 60 пайызы интернет менен камсыз болду. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов кезектеги кеңешмеде билдиргенин аталган башкармалыктан кабарлашты. 

"Интернетти туура пайдалануу аркылуу билим берүүнүн сапатын жакшырта алабыз. Азыр изденип иштеп, ийгилик жаратуудан артта калбаш керек. Мунун мааниси айрыкча билим берүү мекемелери үчүн абдан олуттуу. Учурда Ош шаарындагы 54 мектептин пайызы интернетке туташтырылды. Быйылкы окуу жылында толук камсыздалып бүтүүгө тийиш",- деди ал. 

Кошумчалай кетсек, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өлкө боюнча бир жылда 500 компьютер акысыз таратылат. Ал эми мектептердин саны 2200дү түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aruuzat88
2015-09-25 11:14:08
Балдарга Кудай бериптир эми точна окушпайт интернет болсо.
0
Gulnazz93
2015-09-25 12:13:40
aruuzat88, туура айтасыз китеп лкубай койушат интернеттен таап алам деп алаксытат сабакта отуруп интернет чукулап
0
Mars55
2015-09-25 15:12:16
негизи эле окушбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан