Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 1-октябрдан 7-октябрга чейин убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай сунушту Кытай тарап Кытай Эл Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүн майрамдоо аземине байланыштуу киргизди. Аталган пункттардан жүк ташуучу автоунаалар жана адамдар 8-октябрдан тарта өткөрүлө баштайт.