"Дан" мамлекеттик ишканасынын директоруна карата 3 берене боюнча кылмыш иши козголду

"Дан" мамлекеттик ишканасынын директору В.Н. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын июль айында айыпталуучу өкмөт алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен макулдашпай жана мыйзам бузуу аркылуу кыймылсыз мүлктү ажыратуу боюнча негизсиз чечимди чыгарганы аныкталган. Мындан тышкары ал товардык насыяны төлөө эсебине 438,3 миң сомго 29,2 тонна буудай алганы белгилүү болгон. Мындан кийин бул буудай мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп бербегени аныкталган. Жыйынтыгында мамлекетке болжол менен 438 миң сом зыян келтирилген.

"Дан" мамлекеттик ишканасынын директору "ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу", "коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" жана "шалаакылык" беренелери боюнча айыпталууда. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан