Ала-Тоо конушунда оңдоп-түзөөдөн өткөн көчөнүн жана бала бакчанын ачылышы болду (фото)

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек четинде жайгашкан Ала-Тоо конушундагы Ала-Тоо көчөсүнүн жана №43-бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Ала-Тоо көчөсүнүн курулуш иштери 2014-жылдын 7-октябрында башталган. Жолдун узундугу - 2,45 чакырым, туурасы - 14,6 метр. Долбоордун сметалык баасы - 69,5 миллион сом.  

Ал эми №43-бала бакча 1993-жылы салынып, 1995-жылдын 29-ноябрында ачылышы болгон. Анда ал 60 балага ылайыкталып курулган. Быйыл сентябрь айында бала бакчанын долбоордук кубаттуулугу 150 наристеге көбөйтүлгөн. Мындан улам №82-мектепке чейинки билим берүү жайын бала бакчага айландыруу үчүн мэрия тарабынан 1 миллион 166 миң сом бөлүнгөн.

Салтанаттуу иш-чарага конуштун жашоочулары, калаа башчысы Кубанычбек Кулматоввице-мэр Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жана башкалар катышты. 

Айта кетсек, Ала-Тоо жаңы конушу 1989-жылы негизделген. Анын жалпы аянты - 215,5 гектар. Конушта учурда 7500 адам жашайт, 2465 турак жай тургузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alatoositi
2015-09-25 21:34:56
Алатоо-3 тун жолун да ондоп койсонор жакшы болмок,поезд жолдон откондо 254чу,173чу маршруттар келген жактан баштап Заряга чеин 40минутада чыгат кыбырап журуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан