Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Абдыш-Ата" конокто "Дордойду" утуп, "Алайдын" чемпиондугуна жол ачып берди

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугунун кезектеги туру болуп өттү. Анда чемпиондук үчүн күрөш жүргүзүп жаткан бишкектик "Дордой" клубу 3-орун үчүн ойноп жаткан канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алды.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта канттыктар чабуулга өтүп, бир топ кооптуу кырдаалдарды жаратышты. 1-таймда Олувасен Алерива эсепти ачты. 2-таймда "Дордой" 3 оюнчусун алмаштырып, кызуу ойноп баштаганы менен, эсепти теңөө аракеттери бошко кетти. Жыйынтыгында эки команда майдандын ортоңку бөлүгүндө топ талашууга көп убакыт коротту. 85-мүнөттө Евгений Малинин коргоочулардын катасынан улам дагы бир гол киргизип, "Абдыш-Атага" ишенимдүү жеңиш алып келди.

Бул оюнга чейин "Дордой" командасы карамагындагы 33 упай менен мелдеш жадыбалында 2-орунду ээлеп келген. Оштун клубунан эки оюн аз ойногон "дордойчулар" лидерликке чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактоо үчүн бул оюнда жеңишке жетишүүгө тийиш болчу.

Ал эми "Абдыш-Ата" өз кезегинде бишкектик "Алга" менен 3-орун үчүн кызуу күрөш жүргүзүп жатат.

*

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adi.Avazbekov
2015-09-25 22:54:39
Bul degen kandai bolup jatat bilgender aityp koisonor. Ozu 6 komanda bolso uido konokto oinogondo da 12 den oiun otkoruw kk bele. Je bawkachaby 16 oiun otkozup ohoo ar biri mn 3 ton oinop jykkango e
+1
MIRAN
2015-09-26 00:20:13
Алай алга
0
RASTAMAN
2015-09-26 07:16:18
Kancha tur ozu? Dagy kancha match kaldy?
0
Максат Кудайбердиев
2015-09-28 09:04:08
RASTAMAN,;жалпысынан 20 тур болот. 17-тур оюндары октябрь айында болот. Ошондо командалар дагы 3төн оюн өткөрөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан