Ош. Мектеп директорлору окуучулар үчүн милиция бөлүмүнө, абактарга саякат уюштурууну сунуш кылышты

Бүгүн, 25-сентябрда Ош шаарындагы мектептердин директорлору жана директорлордун тарбия берүү иштери боюнча орун басарлары "Окуучулар арасында тартип бузууларды болтурбоо жана анын алдын алуу” темасы боюнча талкуу жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чогулуш эркин өтүп, мектеп жетекчилери "Канткенде терс нерселердин алдын алып, тартип бузууларды токтото алабыз?" деген сунуштары менен бирге өз ойлорун ортого салышты. “Биз окуучулар үчүн милиция бөлүмүнө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак-үйүнө, керек болсо абактарга саякат уюштуруп, телепрограммаларды, радиоуктурууларды угузуп, балдардын уруш-талашынын алдын алсак болот”,- деген сунуштарын айтышты мектеп директорлору.

Жыйналышка катышкан бардык мектеп директорлору менен бирге тарбия иштери боюнча жетекчилер, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын тиешелүү өкүлдөрү жана милициянын өкүлдөрү өз ой-пикирлерин айтууга үлгүрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bermet_Kasymova
2015-09-25 22:48:10
Колдойм))
+1
kamuke_72
2015-09-25 23:01:30
Милисалар тез тез келип мектеп менен тыгыз байланышта болуп турса болот.бирок абактарга саякат дегенге такыр кошулбайм,абактын бетин адам баласы,тем более окуучулар вообще сыртынан да корбой эле койгону он!абакты кара чаар жылан корбосун деген элде соз бар.так что башка варианттарды караш керек!
+1
Yu-piter
2015-09-25 23:15:19
Бул иш-чараны мурдатан эле киргизиш керек эле, эми киргизгени деле жакшы болуптур колдойм. Бирок ойлонуп оң терс жактарын эске алып дегендей. Тажрыйбалуу адистерди тартыш керек.
0
T.Shaiyrbek
2015-09-26 02:52:14
en tuura chechim.Men mektepti 2010 jyly Karasuu waarynda ayaktagam 9,10,11 klasstarda bizdi waardaky abakka aparyp kelchu,oto taasirlenchuubuz ech kandai zyiany jok naoborot plyus jaktary kop!
+2
Truelensk
2015-09-26 21:59:31
Мектеп жетекчилери биринчи озунун балдарын абака саякат уюштуруп келсин да.суйлойт десе эле суйлой беришет,кайсы ата эне жибермек эле барагой турмону коруп кел деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан