Бүгүн Кара-Көлдө окуучу кызды зордуктап, муунтуп өлтүргөн адам кармалды

Бүгүн, 25-сентябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында окуучу кыздын өлүмүнө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн саат 15:20 чамасында Кара-Көл шаардык сейил багынын күн чыгыш тарабынан 2004-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. "Ата-энесинин берген маалыматы боюнча, ал саат 9:00дө Кара-Көл шаардык музыкалык окуу жайына сабакка кеткен, колунда комузу болгон. Ал жарым сааттан кийин келиши керек болчу, бирок үйгө келген эмес. Анын жансыз денеси табылган жерден комузу табылган жок.

Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Жалал-Абад ОИИБинин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү жаран кармалды. Анын буга чейин соттолуп, камактан жаңы чыкканы аныкталды.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө. Азырынча “кызды ичке жип менен муунтуп өлтүргөн” деген версия каралууда",- дешти облустук милициядан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, саат 10:00 чамасында окуучу кыз аталган окуу жайга барчу жолдон белгисиз адам тарабынан зордукталып, андан соң муунтулуп өлтүрүлгөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
kama_future_millioner
2015-09-26 02:42:25
Эээхххх жаш кыздаа эмне күнөө
+1
more22
2015-09-26 03:35:25
Кылмыш кодексине озгортуу киритуу керек бойго жетелектерди зордогонду,олтургонду элдин козунчо атыш керек ошондой эле эшек сойгондордуда.
Же болбосо бир химиялык завод куруп ошол жерде кунуно 17-18 сааттан иштетиш керек оздору эле ууланып олуп кетет. жеген тамактарын актайт беле.Бул менин жеке пикирим.
+5
Aikoo2014
2015-09-26 03:40:40
Жазасын Аллахым озу берсин, жаш кызга боорум ооруду.((( Ата-энесине сабыр тилейм.
0
osh93
2015-09-26 03:52:27
Озу бир мыйзам чыгарып койсо, жакшы болот эле ушуга окшогондорго...
+1
DNurgiza
2015-09-26 04:19:53
Кудай сактай кор.
0
jake91
2015-09-26 08:19:09
Э Кудай осун сакта,кыргыздар емне еле болуп баратабыз.Бир кун ешек бир кун зордукто олуптур дегенден башкага чыкпай калдык.
+1
AnarRazakovich
2015-09-26 09:25:43
Ай, байкуш кыз ай... Чырылдаган боюнча, жашоо даамын сезбей кеттин го... Ата энеси ушундай болсун деп багып чонойтту беле?..
Мыйзамга тез озгортуу киргизип, олум жазасын киргизуу зарыл! Бул канкорлор, жогоруда айтылгандай "жылуу, жайлуу, тамак ашы белен уйуно" (ал да Сиз жана Бизден чогулган каражат) кайтуу учун, ушундай ишке барышууда..

Кыздын жайы жаннатан болсун, жакындарына сабыр...(((
+4
tynara81
2015-09-26 09:34:11
Байкушум ий, элестетип алып жүрөгүм ооруп атат, менин кызым мен тең экен эле. Кызым көзүмө дагы эле бөбөк да. Ата- энесине сабыр берсин. Сабыр берсин деп айтууга эле оңой, апасы нары кетип, бери келип аткандыр;(
0
Altun76
2015-09-26 09:46:55
Буга окшогон мыкаачыларга олум жазасын бериш керек,болбосо беш он жылдан кийин чыгып алып, дагы бироого залалы тиет.
0
jetinur90
2015-09-26 11:55:15
кайсы партия биздин законго олум жазасын киргизе алам деп жоопкерчиликти моюнуна алса,ошону колдоо керек.
0
orbit89
2015-09-26 16:29:04
Асманда коколоп учуп жургон акелерибиз жерде эмне болуп жатканын бир кылчайа карап койушса
0
kilim
2015-09-26 17:45:49
ешек мееси жокту жоготуш керек озу бир ынтымака келели мен мындай мен тигиндей кылам деп мактана бербей ушундай койгойду токтотолу ал жерде мынча ешек бул жерде мынча ешек багып аыптыр деп ешектин етин жеп буткону калдыкго ушулардын баарына кату чара корулбосо болбой калдыго
0
Adiko..91
2015-09-26 21:26:49
Кандай адамдар таш боор а мындайларга жазаны катуу беруу керек антпесе кайталана берет
0
Take_men
2015-09-28 10:39:02
Канкорго бир жаза-олум!
0
Bolo
2015-09-29 11:09:00
Кылган ишине жараша оор жаза албастыгын билип, мындай кылмышка баргандардын саны кобойду. Акыркы 5 жылда жаш балдарды зордуктоо 10-20 эсеге кобойду. Ойлоп коргулочу мунун артында канча деген коз-жаш, сынган тагдыр, апалардын боздогон ыйы жатат. Бир гана олум жазасы жардам бериши мумкун. Ким айта алат эртен мындай кордукка биздин жакындарыбыз кабылбайт деп. Эл алдына алып чыгып, таш-баранга алабыз десе мен биринчи болуп барам!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан