Бишкекте жылдын башынан бери 89 унаа уурдоо катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган унаа уурдоолордун 74 фактысынын бети ачылган. Мындай кылмыштарды көп учурда 16-25 жаштагы жумушу жок балдар жасашат. Алардын бир бөлүгү буга чейин соттолгондор. Унаа уурдоо фактыларынын 80 пайызы кечки маалда, 20 пайызы күндүз орун алган.
Унаа уурдоодо төмөнкү ыкмалар колдонулат: жандыруу кулпусун бузуп, зымдарды туташтыруу (65 пайыз), ачкычты колдонуу аркылуу (20 пайыз), кандайдыр бир буюмду колдонуу менен ачуу (11 пайыз) жана башка ыкмалар.