Каталондук "Барселона" футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси алган жаракатынан улам 7-8 апта майданга чыга албайт. Дарыгерлер анын сол бутунун тарамышына доо кеткенин айтып, футболчунун 1,5 айда сакайып майданга кайтарын жар салышты.
Кошумчалай кетсек, 26-сентябрь күнү Испания чемпиондугунда "Барселона" өз үйүндө "Лас-Пальмас" клубун кабыл алган. Месси жаракатынан улам беттештин 10-мүнөтүндө алмаштырылды. Беттеш 2:1 эсебинде каталондуктардын жеңиши менен аяктады.