Кечээ, 27-сентябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылында Чек ара кызматынын аскерлери тарабынан чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандын өздүгүн аныктоочу документи болгон эмес. Ал УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.