Орусияга башка бирөөнүн паспорту менен кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

Ошто башка бирөөнүн паспорту менен Орусияга учуп кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 27-сентябрда 1992-жылы туулган Н.Н. аттуу жаран "Ош" аэропортунан Ош-Новосибирск каттамы аркылуу учууга аракет кылып жатканда өткөрмө пункттан кармалды. Текшерүү учурунда ал алып жүргөн паспорт башка жаранга таандык болуп чыкты. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bakan
2015-09-28 12:43:26
черный списокто болсо башка бироонун паспорту менен барып тирилик кылайын деген го бечара
+3
Husan
2015-09-28 12:57:49
bakan, сиздин оюнузга кошулам)
0
daniel85
2015-09-28 13:47:27
Чорный списоко же депорт болуп калса керек
0
tynara81
2015-09-28 16:14:32
Кашайгыр кара тизме канча адамды мыйзам бузууга түртүп жатат, башка бирөөнүн паспортун колдонуп, фамилия- атын гана эмес, бир өмүргө берилчү ОМС номерин өзгөртүп же машина менен чегарадан жашынып өтүп же пара бери.... Ушунун баары кара курсактын айынан, үй бүлөө багуу үчүн болуп атат да. Кыргызстанда жыргаган жумуш болбосо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан