Тайвандагы ири тайфундан 300дөн ашуун адам жаракат алды

Тайванда 29-сентябрга караган түнү орун алган тайфун 2 адамдын өмүрүн алды. 300дөн ашуун адам жаракат алып, 6 адамдын дайынсыз болуп жатканын бүгүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы саатына 200 чакырымга чейин жеткен. Андан кийин тайфундун очогу Кытайдын чыгышына багыт алган. Ал жердеги 420 миңдей адам эвакуацияланды. 

Жаратылыш кырсыгы бүт аралды жарыксыз калтырды, азыркы тапта 540 миңдей үй-бүлөнүн турак жайы кооптуу же жараксыз абалда турат. Бир катар мектептер, ишканалар жабылып, ондогон авиакаттамдар, поезддер токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан