Жалал-Абадда айдоочу жол-кайгуул кызматкерин унаасы менен сүйрөдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан 29-сентябрда билдиришти.
Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарындагы жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызматта турган жол-кайгуул кызматкери "Тагай-Бий" ресторанынын жанында 28-сентябрда саат 13:40 чамасында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кара түстөгү унаанын айдоочусунан документтерин сураган. Айдоочу мыйзамга баш ийбей, каршылык көрсөтүп, унаа эшиктерин жаап алган. Андан кийин от алдырып, качып кетүү максатында жол-кайгуул кызматкери тарапка айдаган. Ошол замат кызматкер унаасынын алдынкы бөлүгүнө илешип калган. Айдоочу аны унаасы менен катуу ылдамдыкта 265 метрдей сүйрөп, унааны бурганда кызматкер жерге кулап түшкөн. Айдоочу качып кетүүгө жетишкен.
1981-жылы туулган А.Н. аттуу кызматкер башынан жаракат алып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген. Унаанын айнектери караңгылатылган абалда болуп, айдоочу көрүнгөн эмес.
Ошол эле күнү качып кеткен адам кармалып, Жалал-Абад шаарынын 1998-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну болуп чыкты. Унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.
Ал адамга “бийлик өкүлүнө кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу камакка алынды. Учурда тергөө иштери башталды. Кылган кылмыш ишине байланыштуу 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы каралат.