Футбол боюнча улуттук курам Тажикстан жана Бангладеш курамаларына каршы беттешке даярдыгын баштады

Футбол боюнча улуттук курама команда 28-сентябрда Бишкекте машыгуу сборун баштады. Муну менен футболчулар октябрь айында орун алуучу Тажикстан жана Бангладешке каршы беттешке даярдык көрүшөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Александр Крестининдин жетекчилиги астында 20 оюнчу машыгып жатат. “Дордойдун” жарым коргоочусу Даврон Аскаровдун ордуна Элхан Темирбаев улуттук курамга чакырылды.

Жакын арада командага Тамирлан Козубаев, Эдгар Бернхардт, Ильдар жана Руслан Амировдор, Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс, Виктор Майер, Павел Матяш, Азамат Байматов жана Валерий Кичин сыяктуу оюнчулар келип кошулат.

Кошумчалай кетсек, футболчуларыбыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан менен 8-октябрда, Бангладеш менен 13-октябрда кез келет. Беттештер Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо орун алат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sirgak_92
2015-09-29 17:05:06
Супер Инфо Антон Землянухин келет бекен
0
Mars55
2015-09-29 17:36:31
sirgak_92, оа келет окшойт
0
Kana.Saku
2015-09-29 20:04:34
Алга Кыргызстан.
0
Ruslan_d
2015-09-30 11:08:24
Алга жигиттер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан