Чемпиондор Лигасында 2-тур орун алды. "Арсенал" менен "Челси" 3 упайдан куру калышты, Левандовски дагы 3 гол киргизди

30-сентябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонунда 2-тур оюндары орун алды. Бул күнү "Е", "F", "G", "H" тайпаларында экиден оюн болду. 


“Е” тайпасы

Бул күнү "Е" тайпасында каталондук "Барселона" германиялык "Байерге" утулуп жатып, акыркы 10 мүнөттө 2 гол киргизүү менен жеңишке жетишти. "Барсанын" оюнчулары жаракат алган Лионель Мессинин жоктугун байкатып коюшту. Ал эми Беларустун БАТЭ клубу өз үйүндө италиялык "Ромага" сюрприз камдап койгон экен. 3 гол катары менен киргизген соң гана римдиктер ойгонуп, 2 гол менен жооп кайтарышты, бирок упай алуу үчүн 2 гол аздык кылары белгилүү болчу. 


“Барселона” (Испания) – “Байер” (Германия) - 2:1

ГолдорКирьякос Пападопулос (22-мүнөттө), Серхи Роберто (80-мүнөттө), Луис Суарес (82-мүнөттө)


БАТЭ (Беларусь) – “Рома” (Италия) - 3:2

Голдор: Игорь Стасевич (8-мүнөттө), Филип Младенович (12-мүнөттө), Филип Младенович (30-мүнөттө), Жервиньо (66-мүнөттө), Василис Торосидис (82-мүнөттө).


Мелдеш жадыбалы

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Барселона” (Испания)

2

4

2

“Байер” (Германия)

2

3

3

БАТЭ (Беларусь)

2

3

4

“Рома” (Италия)

2

1



“F” тайпасы

"Бавария" кайрадан ири эсепте утту жана чабуулчу Роберт Левандовски бул ирет 3 гол жаратты. Германиялыктар тайпада ишенимдүү 1-орунда баратышат. Лондондук "Арсенал" өткөн оюнда конокто "Динамого" утулса, бул жолу өз үйүндө "Олимпиакоско" утулуп калды. Эми лондондуктар "Бавария" менен 2 оюн катары менен ойношот. Бул команданын тайпадан чыкпай калуусу толук мүмкүн болууда.   


“Бавария” (Германия) – “Динамо” (Загреб, Хорватия) - 5:0

Голдор: Дуглас Коста (13-мүнөттө), Роберт Левандовски (21-мүнөттө), Марио Гётце (25-мүнөттө), Роберт Левандовски (28-мүнөттө), Роберт Левандовски (55-мүнөттө).


“Арсенал” (Англия) – “Олимпиакос” (Греция) - 2:3

Голдор: Фелипе Пардо (33-мүнөттө), Тео Уолкотт (35-мүнөттө), Давид Оспина (40-мүнөттө, өз дарбазасына), Алексис Санчес (65-мүнөттө), Альфред Финнбогасон (66-мүнөттө).


Мелдеш жадыбалы

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Бавария” (Германия)

2

6

2

“Олимпиакос” (Греция)

2

3

3

“Динамо” (Загреб, Хорватия)

2

3

4

“Арсенал” (Англия)

2

0


“G” тайпасы

Жозе Моуринью кезинде машыктырган "Порту" өз үйүндө лондондук "Челсини" утуп алды. 3 упай жоготкон лондондуктар бул күнү 3 упайдан куру калып, тайпада 3-орунга түшүп калышты. Негизи, жаңы сезондун башталганы бул клубдун ити чөп жей элек. Киевдик "Динамо" дагы тайпадан чыгуу аракетин катуу көрүүдө. 


“Порту” (Португалия) – “Челси” (Англия) - 3:2

Голдор: Андре Андре (39-мүнөттө), Виллиан (45-мүнөттө), Майкон (52-мүнөттө). 


“Маккаби” (Израиль) – “Динамо” (Киев, Украина) - 0:2

Голдор: Андрей Ярмоленко (4-мүнөттө), Мораес (50-мүнөттө). 


Мелдеш жадыбалы:  

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Порту” (Португалия)

2

4

2

“Динамо” (Киев, Украина)

2

4

3

“Челси” (Англия)

2

3

4

“Маккаби” (Израиль) 

2

0


“H” тайпасы


“Зенит” (Орусия) – “Гент” (Бельгия) - 2:1

Голдор: Артём Дзюба (35-мүнөттө), Томас Маттон (56-мүнөттө), Олег Шатов (67-мүнөттө).


“Лион” (Франция) – “Валенсия” (Испания) - 0:1

Гол: Софиан Фегули (42-мүнөттө)


Мелдеш жадыбалы:   

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Зенит” (Орусия)

2

6

2

“Валенсия” (Испания) 

2

3

3

“Лион” (Франция) 

2

1

4

“Гент” (Бельгия)

2

1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Topchubai
2015-09-30 09:58:22
Азаматсынар "немис машинасы!"
+1
Мэри
2015-09-30 12:48:00
Өз дарбазасына гол кирип кетсе, каршылаш команданын эсебине жазылып калат да, ээ... Эгер ушундай болсо, бул эреже мага жаккан жок, бирок өздөрү билишет го, ошентсе да)))))) Калыссыздык, адилетсиздик болуп калат экен, эми топ кокустуктан кирип кетиши мүмкүн да... Футболчулар ушул эрежесине "оңдоп-түзөтүү, өзгөртүү" киргизип алуулары керек экен ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан