Бишкектеги "унаа жуучу жайдан кардардын унаасын айдап качып кеткен" деп 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, борбор калаанын тургуну 28-сентябрда Мерседес SLK-320 үлгүсүндөгү унаасын унаа жуучу жайга таштап кеткен. Ошол эле күнү кечинде унаасын таппай, укук коргоо органдарына кайрылган.
Кечээ, 29-сентябрда Бишкек-Кордай унаа жолунун 5-21-чакырымында Жол-кайгуул кызматы тарабынан изделип жаткан унаанын айдоочусу токтотулган. Өздүгүн аныктаган же айдоочулук күбөлүгүн көрсөтпөгөндөн кийин Октябрь РИИБинин тергөө тобунун кызматкерлери келип, 1999-жылы туулган О.А. аттуу шектүү жаранды убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен. Иликтөө иштери жүрүүдө.