Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 8-октябрда кыргыз футболчулары Тажикстан менен, 13-октябрда Бангладеш менен беттешет. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алчу беттештерге 19:30да старт берилет (буга чейин пландалгандай 18:00дө эмес). Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, беттештердин башталыш сааттарын өзгөртүү боюнча чечим 29-сентябрда кабыл алынды.