Кыргыз футболчуларынын Тажикстанга каршы беттешин ирандык калыстар тейлешет

8-октябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Тажикстан курамасына каршы турушат. Бул беттешти ирандык калыстар тейлешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, башкы калыстыкты 35 жаштагы Муд Бониядифар аркалайт. Ал эми анын жардамчылары 41 жаштагы Реза Сохандан жана 37 жаштагы Мохаммадреза Мансури болмокчу. 

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы менен Тажикстан курамасы 8-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кез келишет. Беттешке 19:30да старт берилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mars55
2015-09-30 18:26:05
тактык каалайбыз калыстарга
0
islam14
2015-09-30 18:41:49
ооба анткени алар да фарсилер

0
berdibek05
2015-09-30 21:47:04
Админ сиз билесизби билеттер качан сатыла баштайт экен
0
ILYAS181296
2015-09-30 22:47:17
bilet kancha som bolot?
0
kaniet
2015-10-01 03:58:01
КТР, ЭлТР, 7-канал, Сентябрь телеканалдары ушул оюнду корсото алышаар бекен, же дагы дебат коробузбу, тойдум ошол дебатынан, урматтуу Суперинфо, ушул боюнча кабарлап кое аласыздарбы!
0
Rashinboy
2015-10-01 09:19:17
kaniet, 8 октябрьда дебат корсотулбойт, дебатов шайлоого чейин эле корсотулот.
0
admin_portal
2015-10-01 09:45:15
kaniet, саламатсызбы! Ал боюнча азырынча маалыматыбыз жок. Болору менен кабарлаганга аракет кылабыз.
0
berdibek05
2015-10-02 17:04:54
admin билет качан сатылат билсениз айтып койосузбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан