Чемпиондор Лигасынын 2-турунда Криштиану Роналду 2 гол жаратты, казак командасы "Астана" алгачкы упайын алды

1-октябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү клубдар аралык мелдеш – Чемпиондор Лигасынын 2-тур оюндары орун алды. Бул күнү “А”, “В”, “С” жана “D” тайпаларынын өкүлдөрү оюн өткөрүштү.

“А” тайпасы

Криштиану Роналду 2 гол жаратуу менен бомбардирлер тизмесинде биринчи сапка көтөрүлдү (жалпы 5 гол). Муну менен катар анын командасы “Реал” 3 упайга ээ болуу менен тайпада биринчи орунду ээлеп турат. ПСЖ дагы 6 упайга ээ болду. Кызыгы, ушул эки команда алдынкы 2 турда катары менен эки оюн ойношот. 


"ШАХТЁР" - ПСЖ - 0:3

Голдор: Орье (7-мүнөттө), Давид Луис (23-мүнөттө), Ибрагимович (90-мүнөттө).

 

"МАЛЬМЁ" - "РЕАЛ МАДРИД" - 0:2

Голдор: Криштиану Роналду (29-мүнөттө), Криштиану Роналду (90-мүнөттө).

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Реал” (Испания)

2

6

2

ПСЖ (Франция)

2

6

3

“Мальмё” (Швеция)

2

0

4

“Шахтёр” (Украина)

2

0

 

“В” тайпасы

Мелдеште ушул тайпада катуу күрөш жүрүп жатат. Тайпадагы 4 команда үчтөн упайга ээ болду. Ойнолгон оюндарга көз салып, кийинки баскычка кайсы команда чыгарын айтууга эрте. Ошентсе да өткөндө “Манчестер Юнайтедди” жер караткан ПСВ Москвада ЦСКА клубуна утулуп калды. Ал эми “МЮ” германиялык “Вольфсбургду” утуп, эсебине 3 упай жазды.  


"МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД" - "ВОЛЬФСБУРГ" - 2:1

Голдор: Калиджиури (4-мүнөттө), Хуан Мата (34-мүнөттө, пенальти), Смоллинг (53-мүнөттө).

 

ЦСКА - ПСВ - 3:2

Голдор: Муса (7-мүнөттө), Думбия (21-мүнөттө), Думбия (36-мүнөттө, пенальти), Лестьенн (60-мүнөттө), Лестьенн (68-мүнөттө).

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

ПСВ (Голландия)

2

3

2

“Манчестер Юнайтед” (Англия)

2

3

3

ЦСКА (Орусия)

2

3

4

“Вольфсбург” (Германия)

2

3

 

 

“С” тайпасы

Бул мелдешке казак футболунун тарыхында алгачкы жолу катышып жаткан “Астана” клубу алгачкы упайына ээ болду. Казак командасынын оюнчулары өз үйүндө түркиялык “Галатасарай” менен тең ойношту. Бул тайпада испаниялык “Атлетико” өз үйүндө “Бенфикага” утулуп, 3 упайдан куру калды.


"АТЛЕТИКО" - "БЕНФИКА" - 1:2

Голдор: Корреа (23-мүнөттө), Гайтан (36-мүнөттө), Гедеш (51-мүнөттө).

 

"АСТАНА" - "ГАЛАТАСАРАЙ" - 2:2

Голдор: Киса (31-мүнөттө), Хакан Балта (77-мүнөттө өз дарбазасына), Эрич (86-мүнөттө өз дарбазасына), Кароль (89-мүнөттө өз дарбазасына)

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Бенфика” (Португалия)

2

6

2

“Атлетико” (Испания)

2

3

3

“Галатасарай” (Түркия)

2

1

4

“Астана” (Казакстан)

2

1

 

 “D тайпасы

Өткөн сезондогу финалчы “Ювентус” дагы бир жеңишке жетишип, 6 упайга ээ болду. Туриндиктер бул жолу “Севильяны” утуп алышты. Ал эми “Манчестер Сити” конокто акыркы мүнөттөрдө жеңишти камсыздап, алгачкы упайына ээ болду.


"ЮВЕНТУС" - "СЕВИЛЬЯ" - 2:0

Голдор: Альваро Мората (41-мүнөттө), Дзадза (87-мүнөттө).

 

"БОРУССИЯ М" - "МАНЧЕСТЕР СИТИ" - 1:2

Голдор: Штиндль (54-мүнөттө), Кристенсен (65-мүнөттө өз дарбазасына), Агуэро (90-мүнөттө өз дарбазасына).

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Ювентус” (Турин, Италия)

2

6

2

“Севилья” (Испания)

2

3

3

“Манчестер Сити” (Англия)

2

3

4

“Боруссия” (М, Германия)

2

0

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sher.ella
2015-10-01 10:42:25
Эмне учун Барселона камандасы жонундо жанылык жазылбайт?#СУПЕР ИНФО
+1
Максат Кудайбердиев
2015-10-01 11:13:26
sher.ella, "Барселона" Чемпиондор Лигасында кечээ ойногон. http://www.super.kg/kabar/news/125205/
Бардык клубдар тууралуу олуттуу маалыматтарга орун берилип келет. Мисалы, бул дагы "Барселона тууралуу: http://www.super.kg/kabar/news/124989/
0
JrDosSantos
2015-10-01 12:05:27
Манчестер ситиииииии!
+1
bazarkyl
2015-10-01 16:17:20
Атлетико мадрид чемпион!
0
Kunbeken
2015-10-01 16:26:38
Аззамат РОНИИИИИИИИИИИ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан