30-сентябрь түнү Чемпиондор Лигасынын 2-турунда испаниялык “Реал” конокто швециялык “Мальмё” клубун 2:0 эсебинде утту. 2 голду тең чабуулчу Криштиану Роналду өз эсебине жазды. Бул 2 гол менен Криштиану Роналду дароо 2 ийгилигин белгиледи. Тактап айтканда, ал карьерасындагы 500-голун жана 501-голун киргизди. Ошондой эле “Реал” үчүн киргизген голдорунун санын 323кө жеткизип, Рауль менен биргеликте клубдун тарыхындагы мыкты бомбардир аталды (Рауль дагы 323 гол жараткан). Эми бир гол жаратуу менен Роналду рекорд коймокчу.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, К.Роналдуга беттештен кийин легендарлуу Рауль телефон чалып, бул жетишкендиги менен куттуктаган. “Мен бактылуумун. Рауль буга көңүл буруп, куттуктоо үчүн телефон чалат деп ойлогон эмесмин”,- дейт Роналду.
"Реалдын" тарыхындагы мыкты бомбардирлер:
Орун |
Футболчу |
Оюн |
Гол |
Ойногон жылдары |
1 |
Криштиану Роналду |
308 |
323 |
2009-жылдан ушул күнгө чейин |
2 |
Рауль |
741 |
323 |
1994-2010-жылдар аралыгы |
3 |
Альфредо Ди Стефано |
396 |
307 |
1953-1964-жылдар аралыгы |
4 |
Карлос Сантильяна |
645 |
289 |
1971-1988-жылдар аралыгы |
5 |
Ференц Пушкаш |
262 |
242 |
1958-1966-жылдар аралыгында |