Бишкекте зордуктоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу 1-октябрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-сентябрда Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, Айбек жана Нурбек аттуу чала тааныштары күч колдонуу менен зордукташканын айткан. Милиция кызматкерлери издөө иштеринин натыйжасында 33 жаштагы А.Н. жана Н.Ч. аттуу эки жаранды колго түшүрүшкөн. Учурда иликтөө иштери башталды.