Малайзияда өтүп жаткан армрестлинг боюнча мелдеште кыргыз өлкөсүнүн курама командасы ийгиликтерди багындырууда

Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында армрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугу кыргыз жарандары үчүн ийгиликтүү башталды. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 1-октябрда эл аралык мелдештин расмий сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, чемпиондукта Кыргыз Республикасынан 17 спортчу ар кандай салмак жана жаш курак категорияларында катышууда. 90 килограммга чейинки салмактагы чеберлердин арасынан сол кол менен күрөшүү боюнча Александр Ли бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынды. Андан тышкары Шахман Сулейманов 60 килограммга чейинки салмакта 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн арасынан сол кол менен күрөшүү боюнча 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды. Ошондой эле 70 килограммга чейинки салмакта аялдар арасында кыргыз жараны Ольга Ярославцева 3-орунду багындырып, коло медалга ээ болду.
Айта кетсек, армрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугу Куала-Лумпурда 27-сентябрдан 3-октябрга чейин өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
hochuradosti
2015-10-01 18:13:30
Молодцы. Так держать!!!
0
nur-patriot
2015-10-01 18:20:18
Азаматтар, биздин сыймыктарыбыз!!
+2
ILYAS181296
2015-10-02 01:00:38
Kyrgyzdar jok bolgonu okunuchtuu... Baary ele bawka ulut okwoit...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан