Челябинск облусунда "Карабашмедь" заводундагы жарылуудан 3 кыргыз жараны жабыркады

Челябинсктеги "Карабашмедь" заводунда болгон жарылуунун кесепетинен Кыргыз Республикасынын 3 жараны жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 1-октябрда билдирди.
Жарылуудан жалпы 10 адам жабыркаганы айтылууда. Жабыркаган кыргыз жарандары:
1. 1994-жылы туулган Ильрат Респегубов, абалы оор (баш сөөгүнөн жаракат алган, омурткасы сынган).
2. 1980-жылы туулган Нуркулов Кубанычбек Жуманалиевич, абалы канааттандырарлык (жүзү жана колдору 1-2-даражада күйүк алган).
3. 1995-жылы туулган Диканов Адилет Маматжанович, абалы канааттандырарлык (жүзү жана колдору 1-2-даражада күйүк алган).
Жабыркагандардын баары Карабаш шаардык ооруканасына жеткирилди. Алардын аты-жөнү, жашаган жерлери такталууда. 
Орусиялык басылмалар "Карабашмедь" заводундагы жарылуунун себептери бир нече күндөн кийин белгилүү болорун Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучковго шилтеме берип жазып чыгышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dasta
2015-10-01 18:51:15
жакындарына коонул айтабыз арты кайырлуу болсун аллахым билип билбей кылган кунолорун кечирсин кунолорун кечирсин
-2
oma16.02.95
2015-10-01 19:04:23
dasta, айыгып кетсин десениз жакшы болмок
+1
nazi25
2015-10-01 19:23:30
dasta, Окубай эле жаза бересинби?Жаракат алган дем турат.Сакайып кетишсин дейли.
+2
tachkomur
2015-10-01 19:42:13
dasta, барибир олот деп алдынан жазып койдунбу
+2
windows.kg
2015-10-01 23:14:34
ким мына жоолуп аткан
0
bema_bema
2015-10-02 01:31:11
Ээ кудай кайгылуу окуяны окуп келе жатып кулкум келип кетти.(Арты кайгылуу болсун дегенди окуп). ))).


Жакшы болуп кетсин жердештер.
0
Aikyz84
2015-10-02 12:49:34
Аллах шыпасын берсин.Омурлору узун болот))
+1
kanykey125
2015-10-02 20:17:25
Айыгып кетсин жарааттары .кудайым щыпаасын берип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан