Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Бишкек шаарында 2000-жылы туулган Шорин Александр аттуу өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бала Кузнечная Крепость көчөсү-384 дарегинде жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, кайра кайткан эмес. Анын бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, көздөрү көк, чачы кыска, сары өңдө. Ал көк түстөгү спорттук кийимчен болгон, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн. 

Эгер Ш.Александр боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине (0550) 102 872, (0551) 102 805, (0557) 201 268, (0709) 242 483 телефон номерлери аркылуу кайрылуу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zama1993
2015-10-01 18:39:36
Аллахым жардам берсин
0
boyka.kg
2015-10-01 18:45:36
ушул бала коргондоймун кече
0
orhidea
2015-10-05 18:55:32
Бала табылдыбы? жазып койгулачы маалыматынар болсо супердин жамааты.
0
admin_portal
2015-10-06 11:22:19
orhidea, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/125745/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан