Учурда Таиландда сууда сүзүү боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Мелдештин биринчи күнүндө кыргыз спортчулары 2 медаль тагынышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Дарья Таланова брасс стилинде 50 метр аралыкта жарышка түшүп, күмүш медаль тагынды. Ал эми Кирилл Вайс ушул эле эреже боюнча уландар арасында 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.