Футбол боюнча өлкөнүн жаштар курамасы бүгүн Катар курамасы менен беттешет

Бүгүн, 2-октябрда Катарда футбол боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алат. Анда 19 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн Оман, Катар, Ливан жана Кыргыз Республикасынын курамалары өз ара беттешет.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, тандоо турунун биринчи күнүндө кыргыз футболчулары үй ээси Катар менен беттешет. Беттешке Бишкек сааты боюнча 21:00дө старт берилет.

Жалпы оюндардын тизмеси:

2-октябрь

Катар – Кыргыз Республикасы. Башталышы: 21:00

Оман – Ливан. Башталышы: 23:30

4-октябрь

Кыргыз Республикасы – Оман. Башталышы: 21:00

Ливан – Катар. Башталышы: 23:30

6-октябрь

Катар – Оман. Башталышы: 21:00

Ливан – Кыргыз Республикасы. Башталышы: 23:30


Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу 2015-жылы Бахрейнде өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ruslan_d
2015-10-02 11:47:36
Ийгилик силерге!
+1
BAYAW-KG
2015-10-02 22:09:32
эмне болду оюн болуп жатабы достор. админ кабарлап турунуздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан