Чүйдө Түркиянын жараны "21 жаштагы кызды сөгүп, ур-токмокко алган" деп айыпталууда

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы көчөлөрдүн биринде Түркиянын жараны мас абалында 21 жаштагы кыз менен урушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, уруш болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, 30-35 жаштагы жаран аларга да карата күч колдонгон. Мындан улам милиционерлер аны жана кызды милиция бөлүмүнө алып келишкен. Нөөмөт бөлүмүндө жаран кызды сөгүүнү уланткан, андан соң аны токмоктоп, денесине залал келтирген. Ошондой эле ал райондук милициянын мекемесинде айнекти сындырып салган.

"Бул факт боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, жаран убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Тергөө амалдары уланууда",- деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
beka1207
2015-10-02 13:20:04
"Ноомот болумундо кызды согууну улантып,андан сон токмоктогон"дейби?
Полиция кызматкерлери токтоктотуп карап турдубу?
Чет эл жараны полициянын козунчо токмоктоп чектен чыгыптыр анда...
Катуу жаза колдонуш керек болду
+3
kanat.ozgorush
2015-10-02 13:20:27
милициялар ойноп отурабы согуп урса деле карап отура берген
+1
bema_bema
2015-10-02 13:27:36
Турк менен эмне журот анан,чала болот.Тиги милиция соройлор не карап турушат. Кыргыз ошентип согуп айнектерин чагып корсун эле таягы менен сабап опкосун узо койот эле.Туркторго талкалап согуп атса эч нерсе кылалышпайт.
+1
Izdeim_seni.
2015-10-02 13:32:13
bema_bema, турктор менен журот деп жазылып турабы? Соз деп эле жаза бересинби?
0
bema_bema
2015-10-02 13:50:09
Izdeim_seni., Кочодо кетип атса эле кантип урсун.
+2
Deniza88
2015-10-04 19:28:10
bema_bema,туура айтасын, азыр сулуу кыздарды турктор оной эле азгырып кетишет. Коруп эле журобуз. Кызда деле бар куноо.
0
orhidea
2015-10-05 18:49:29
Deniza88,Жанында чоогу жургондой жазыптырсынар го. Кайактан билесинер окуя кандай болгонун? Балким кыз аны ошол убакка чейин тааныган эместир...
0
suhrab.kg
2015-10-02 13:29:27
Кыргызстандык биро башка жерге барып жанжал кылып корсун билбейм эмне болот
+2
ilya.
2015-10-02 13:31:21
ташиевге сот бир кундо чечим чыгарды эми коробуз бул туркко сот канча кундо чечим чыгарат экен
+1
kubat_1973
2015-10-02 13:32:28
Кыздарыбыз оз жеринде озголордон келтек жесе озго жерде озубуздун патриот соройлордон таяк жесе ким колдойтда ким коргойт кыз келиндерибизди .Турктун уулу эмес так кудайдын эрке баласы болсо да жазасын бериш керек акчасын алып бошотуп ийбей.Чет жердегини мындай койолу качанга чейин оз жерибизде озголордон келтек жешибиз керек.
+12
beka1207
2015-10-02 13:34:27
kubat_1973, баракелде
+1
Eunest
2015-10-02 13:42:28
Бизде Атамбаев деген турктордун "крышасы" бар. Бул,турктордун биринчиси эле эмес. Бир жагынан,бишкекте коп кыз келиндерибиз турктор менен жакын мамиледе. Атасынын торундо жургондой ,каалаганын кылышат. Катуу жаза беришсин,тайрандатпай.
-1
ilya.
2015-10-02 13:52:07
Eunest, туура айтасын атсынын торундо жургондой журушот кыргызстанда бир гана кыргыздар журушу керек башкалар жон гана конок болуп кетиши керек башкаларга аны тушундуруп коюуу биздин милдет
-1
AFFANCULO
2015-10-02 13:42:55
жоош уйдун коногу бийлей берсе болобу? (((
+1
stimyl.kg
2015-10-02 14:31:17
Ээси жоош болсо коногу кутурат деген ушуда.
0
ediko85
2015-10-02 14:40:28
Турктун акчасын жеген ###### журотта соксо деле жанын даа эмене кылсын анан
0
Arslanbek
2015-10-02 14:45:51
Келгиле кыпгыздар ушундай окуяга туш болуп калсак ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2015-10-02 14:56:31
Arslanbek, эскертүү!
Провокацияга жол жок!
0
al-abu-kinesz
2015-10-02 23:12:44
Ушундайларды эч корбой калам да, жаным карайып кетет угуп калсам...
+1
Askar.96kg
2015-10-03 14:54:17
Анын жазасын жакшылап бериш керек... Нөөмөт бөлүмүндө сөгүп, анан уруп...башка улуттагы адам болсо деле ''кой'' деп коймок, аны карап турган адам акмак го...
0
kub_u3_kgstana
2015-10-03 20:53:32
мейли кобуроок акча толойт деп карап отурушту да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан